Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Жээнбеков ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүүнү сунуштады


Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Циндао шаарында өтүп жаткан саммитте Шанхай кызматташтык уюмунун өнүктүрүү фондун жана банкын түзүүнү сунуштады. Уюмдун каржылык мекемесин ачуу жол-жобосун талкуулоону чукул арада баштоо зарыл экенин белгилеген мамлекет башчы, анын мекемесин Кыргызстанда ачуу сунушун билдирди.

- Кыргызстан чукул арада Шанхай Кызматташтык Уюмунун финансылык механизмин, уюмдун өнүктүрүү банкын жана фондун түзүүнү колдойт. Бул маселени талкуулоону жана анын мекемесин Кыргызстанда ачууну сунуштайт.

Президент Жээнбеков мындан сырткары ШКУнун алкагында дүйнөдөгү актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып туруу зарылдыгын айтты.

Мамлекет башчы аймакта коопсуздук боюнча коркунучтар жана чакырыктар сакталып турганын, Ооганстанга байланыштуу интеграциялык, экономикалык, энергетикалык жана транспорт-байланыш багытындагы долбоорлор боюнча кызыкдар тараптар менен кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Сирия, Ирак жана Ооганстандагы окуяларга аймактагы ар кандай диний-экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү катышкан учурлар күчөп жатканын, бул аймактардан кайтып келген жарандар менен иштөөнү күчтөндүрүү зарыл экенин белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG