Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Трамп Крымдын аннексиясын Обаманын жоопкерчилигине жүктөдү


АКШ президенти Дональд Трамп "Крымды басып алууга жол берген" деп мурдагы президент Барак Обаманы айыптады.

Трамп Канадада өтүп жаткан “Чоң жетинин” саммитинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусиянын кайтышын жана алдыңкы дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүп, “Чоң жетини” “сегиздикке” айлантууну жактарын дагы бир жолу жарыялады.

“Крым боюнча суроолор 2014-жылы президент болгон Обамага жолдонушу керек” деди Трамп журналисттерге.

“Обама Орусиянын Крымды тартып алуусуна жол берген. Балким мен турганда башкача болмок”, - деген Трамп эмнени айтып жатканын так түшүндүргөн жок.

Президенттин бул сөзүн оппоненттери, алардын бири АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол сындап чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG