Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:36

ШКУ саммитинде жыйырмадай документке кол коюлду


Кытайдын Циндао шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинде негизги болуп коопсуздук маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында Циндао декларациясы, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы туруу, маңзатка каршы күрөш, азык-түлүк коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ШКУга мүчө мамлекет башчылардын биргелешкен чечимдерин кошкондо 20га жакын документ кабыл алынды.

Кол коюлган документтер арасында майда, чакан жана орто ишкерликти илгерилетүү боюнча уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда өз ара кызматташуу жана стимул берүү багытында иштөө, Бажы кызматтары ортосунда маалымат алмашуу боюнча меморандум бар. Уюмга мүчө өлкөлөр туризм тармагында кызматташуунун планын иштеп чыгуу чечимине келишти.

ШКУга мүчө мамлекеттердин кезектеги жыйынына Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистандын президенттери Индиянын премьер-министри катышууда.

ШКУнун төрагалыгы 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өттү. Уюмдун саммити 2013-жылы Бишкекте өткөн. Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУ саммитин келерки жылы 14-15-июнда Бишкекте өткөрүүнү сунуш кылды. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG