Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:03

Монгол президенти Халтмаагийн Баттулга бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди.

Баттулга расмий Бишкек Монголияда дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачат деген ишенимин билдирип, сентябрда өтчү "Көчмөндөр оюнуна" өз делегациясы менен келерин айтты.

Өз кезегинде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков “биздин жолугушуубуз эки өлкө ортосундагы достуктун жана жемиштүү кызматташуубуздун мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзөт", - деди.

Эки тарап парламенттик демократияны өнүктүрүү тууралуу пикир алмашып, ШКУнун алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ саммитине катышуу үчүн Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин учуп келген. Саммит Кытайдын чыгышындагы Шаньдун провинциясындагы Циндао шаарында өттү. (KE/TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG