Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Кыргызстандык жигит Европанын эң бийик чокусун багындырды


Нарын Насыров.
Нарын Насыров.

Кыргызстандык Нарын Насыров 9-июнда Батыш Европанын эң бийик чокусу Монбланга чыкты. Бул тууралуу Нарын Насыров өзү "Азаттыкка" кабарлады.

Ал бул чокуга чыккан алгачкы кыргызстандык болду.

Нарын Насыров үч күндүк атайын даярдоодон кийин чокуга өз алдынча беш саатта чыкканга үлгүргөн.

Бир канча жылдан бери альпинизм менен машыккан Нарын Насыров учурда Швейцариянын Женева шаарында жашап, эмгектенет.

Монблан чокусунун бийиктиги 4810 метр жана ал Франция менен Италиянын чек арасында жайгашкан. (ElB)

XS
SM
MD
LG