Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Июнь коогасына байланыштуу айрым кылмыш иштери токтоп турат


Апааттан кийинки учур. 17-июнь, 2010-жыл.

2010-жылдагы кандуу июнь окуясына байланыштуу козголгон 5646 кылмыш ишинин айрымдары токтоп турат. Буга айрым шектүүлөрдүн жүргөн жери белгисиз болуп жатканы себеп болуп жатканын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" билдирди:

- Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 500дөн ашуун адамга карата 300дөн ашык иш сотко өткөн. Аларга сот аркылуу ар кандай жаза чегерилген.

Калабага байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин көбү талап-тоноо, уурдоо, карактоо, бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү, өрттөө, зордуктоо жана киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарга байланыштуу. Ортодо миңдеген иштер кыскарып, бир тобу бириктирилген. Жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Интерполдун линиясы боюнча 37 адам эл аралык издөөгө алынган.

Расмий эсепте июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Калабада 57 адам дайынсыз жоголуп, он тогузу табыла элек.

Апааттын курмандыктары жекшембиде Ошто жана Жалал-Абадда эскерилди. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG