Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Акыйкатчы институту абактагы ачкачылыкты токтотууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 абакта ачкачылык кармап отургандарга жолугуп, акцияны токтотууга чакырышты. Бирок түрмөдөгүлөр талаптары аткарылмайынча, андан баш тартпай турганын белгилешүүдө.

9-июнда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери алар менен жолугуп чыгышкан.

8-июнда бул абакта 60ка жакын соттолуучу ачкачылык жарыялаган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кабарына ылайык, алар шартты жакшыртуу талабын коюшкан. Ал эми Кыйноого каршы улуттук борбор абактагылардын ачкачылык жарыялаганы боюнча маалымат 5-июнда түшкөнүн билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG