Баткендин Лейлек районунда селден жабыркагандарга 12 чатыр тигилип, тургундар көчүрүлдү. Облустук администрация кабарлагандай, табият кырсыгынын кесепетин жоюу иштери 11-июнда да улантылат.
9-июнда катуу жааган жамгырдан улам Лейлек районунда сел жүрүп, Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында бир бала бакчанын, 80 үйдүн короо-жайын суу каптаган. Селдин кесепеттерин жоюш үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү элден 200дөй киши тартылган. Бир катар ички жолдорду шагыл басып, жабылып калган.