Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Кыргыз жана өзбек артисттери "Делбирим" тасмасына тартылышат


"Делбиримде" ойной турган кыргыз жана өзбек артисттери.
"Делбиримде" ойной турган кыргыз жана өзбек артисттери.

Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизинде көркөм фильм тартат. Съемка 20-июнда башталат.

Башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролун өзбек актерлер, Асел менен Кадичаны кыргыз актрисалары ойнойт. Бул тууралуу “Дан” продюсердик борборунун жетекчиси Паризат Жакыпбекова “Азаттыкка” билдирди.

- Ильястын ролуна Адис Ражапов, Байтемирди Улукбек Кадыров, Аселдин ролун Мадина Талипбек, Кадичаны Элина Абай кызы аткарышат.

Фильм Ташкентте, Наманганда, Фергана өрөөнү менен Ташкенттин ортосундагы ашууда жана Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылат.

Чыгарманын мазмуну ошол бойдон калат, бирок кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай сүрөттөлөт. Сценарийин жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов. Тасманын бет ачары быйыл Айтматовдун туулган күнүндө – 12-декабрда болот.

Эки тараптуу кызматташууну кыргызстандыктар сунуш кылып, “Делбиримди” тартуу демилгесин өзбек тарап көтөргөн. Кыргыз артисттерине гонорарды "Дан" продюсердик борбору, өзбек артисттерине "Узбеккино" төлөйт. Андан тышкары, өзбек президенти да колдоо көрсөтүүдө.

Чыңгыз Айматовдун "Делбирим" чыгармасы "Кызыл жоолук жалжалым" деген ат менен да белгилүү. (SE\SA)

XS
SM
MD
LG