Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Финпол 53 миллион сомдук салык жашырган компанияны аныктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Бишкектеги компаниялардын бири салык жашырып жүргөнүн аныктады. Бул тууралуу маалымат ушул кызматтын өзүнөн алынды. Анда айтылгандай, Финполиция салык мыйзамдарын аткаруу боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Анын алкагында, «А.К.» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом 53 миллион сомдон ашык салыкты жашырып жүргөнү аныкталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарынын ири өлчөмдө салыктарды төлөөдөн четтеши» беренеси боюнча иш козголду.

Ошондой эле текшерүүдө бул компаниянын негиздөөчүсүнө дагы алты ишкана катталып, салык төлөбөй жүргөнү белгилүү болгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ал компаниялардын негиздөөчүсү камакка алынды.

Финполиция компаниянын жана анын негиздөөчүсүнүн аты-жөнүн "тергөө кызыкчылыгы үчүн" деген жүйө менен ачык айткан жок. (BkA)

XS
SM
MD
LG