Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:49

Улуттук банкта киберкоопсуздук боюнча бөлүм түзүлдү


Улуттук банк.

Улуттук банкка караштуу киберкоопсуздук боюнча атайын бөлүм түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, бул бөлүм Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен чогуу иштеп, банк чөйрөсүндөгү киберчабуулдардын жана коркунучтардын алдын алуу боюнча иш жүргүзөт.

Абдыгулов бул чөйрөдө коркунучтар бар экенин белгилеп, убагында чара көрүлбөсө кесепети оор болорун эскертти.

Киберкоопсуздук - электрондук жана маалыматтык системаларды бузууга багытталган чабуулдардан коргонуу системасы. Андай коркунучтар АКШдагы соңку президенттик шайлоого тыштан кийлигишүү аракетинен улам дүйнө жүзүндө күчөдү. Мындай чабуулдар финансы чөйрөсүнө да коюлган учурлар болгон. Буга чейин бир катар мамлекеттер бул үчүн атайын түзүмдөрдү ачышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG