Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Абактагылардын төртөө ачкачылыкты токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлагандай, №27 абакта ачкачылык кармап отургандардын төртөө тамак жей баштады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди.

- Ачкачылык кармагандар деле биз берген тамактан баш тартканы менен өздөрү ооз бекитип, ооз ачып, эки маал тамак ичип эле жатышат. Абалы жакшы эле.

8-июнда Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакта 60ка жакын соттолуучу ачкачылык жарыялаган. ЖАМКтын кабарына ылайык, алар шартты жакшыртууну талап кылышкан. Буга чейин Кыйноого каршы улуттук борбордун, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү абакта ачкачылык кармап отургандарга жолугуп, акцияны токтотууга чакырышты.

Ачкачылык кармагандар телефон алып жүрүүгө уруксат берүүнү, абактын айрым кызматкерлерин иштен алууну, абактагы тартипти жеңилдетүүнү талап кылып жатышат. Учурда 54 адам ЖАМК берген тамактан баш тартууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG