Жекшембиде Испаниянын курамындагы Басктар өлкөсүнүн миңдеген тургуну өзгөчө акция өткөрүштү. Кол кармашкан кишилердин 202 чакырымга жеткен чынжыры пайда болду. Алар Испаниядан бөлүнүш үчүн референдум өткөрүүгө укук берүү талабы менен чыгышкан. "Биз демократияны, саясий, жарандык жана негизги укуктарыбызды коргош үчүн чыктык" - деди уюштуруучулардын бири.
Басктар өлкөсү - Испаниянын түндүгүндөгү автономия. Өз алдынча маданияты, тили бар. Жергиликтүүлөрдүн көбү эгемендик алууну колдобойт. Бирок басктыктар эгемендик үчүн добуш берүүгө укук берилиши керек деп эсептешет. Испания өз аймагындагы автономиялардын бөлүнүшүнө караманча каршы. Мадрид былтыр референдум өткөргөн Каталониянын лидерлерин жазалап, жыйынтыкты тааныбай келет.