Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Каталониянын Испаниядан бөлүнүү аракети


Каталониялык бала "Estelada" (Күнкорсуз Каталониянын туусун) туусун желбиретип турат. Барселона, 27-сентябрь 2015.
Каталониялык бала "Estelada" (Күнкорсуз Каталониянын туусун) туусун желбиретип турат. Барселона, 27-сентябрь 2015.

Каталониялык жикчил партиялар жекшемби күнү жергиликтүү парламенттик шайлоодо жеңишке жетти.

Бирок Испаниядан бөлүнүп чыгууну каалаган саясий күчтөрдүн ийгилиги 7, 6 миллион калктуу автономияны шыр эле төбөлсүз кыла койбойт.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталониянын жаңы өкмөтү менен кеңири мазмунда сүйлөшүүгө даярдыгын, бирок сүйлөшүү мыйзам чегинде жүрүшү керектигин эскертти.

Каталониядагы парламенттик шайлоонун корутунду жыйынтыгы 4-октябрда чыгат. Бирок алдын ала расмий маалымдалгандай, жикчил “Чогуу “ооба” дейбиз” ( Junts per Si) коалициясы менен “Элдик биримдик талапкерлиги” деп аталган чакан партия 135 орундуу Каталония парламентинде 72 мандатка жетишти. 27-сентябрдагы добуш берүүгө шайлоочулардын 77% же 4 миллион адам катышкан. Ошондо жикчил партиялар жалпы шайлоочулардын 47,8% колдоосун алган.

Испания өкмөтү жикчилдердин Каталонияны рефрендум аркылуу бөлүп кетүү аракетин “нонсенс” деп атап, андай кадамга сот аркылуу жол бербесин мурдатан эскертип жүргөн.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Каталониянын жаңы өкмөтү менен кеңири мазмундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирип, бирок анда талкууланчу суроолор “мыйзам чегинде” болушу керектигин баса белгиледи. Ал ошол эле учурда “Чогуу “ооба” дейбиз” ( Junts per Si) коалициясы менен “Элдик биримдик талапкерлиги” 47,8% добуш алганы каталониялыктардын Испаниядан бөлүнүүгө каршы экенин көрсөттү деди. Анткени, жикчилдер кыштак жеринен көп колдоо табышкан. Испаниянын шайлоо системасы боюнча, кыштак элине депутаттарды шайлоо үчүн шаардыктарга салыштырганда азыраак добуш керек.

Испаниянын Памплона шаарындагы "Сан Фермин" майрамы кезде көрөрмандар букалардан качышууда. 10-июль 2015.
Испаниянын Памплона шаарындагы "Сан Фермин" майрамы кезде көрөрмандар букалардан качышууда. 10-июль 2015.

28 өлкөнүн башын кошкон Евробиримдиктин аткаруу органы - Еврокомиссиянын билдиришинче, комиссия Каталониядагы регионалдык шайлоого саясий баа бере албайт.

- Еврокомиссия, сиздер билгендей, принципиалдык иш катары регионалдык шайлоону комментариялабайт,- деп билдирди Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкердин өкүлү Маргаритис Шинас.

- Бул Испаниянын ички иши. Уюмга мүчө кайсы бир мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө тийиштүү ички маселелерге комиссия өз позициясын билдирбейт.

Шинастын айтуусунда, Юнкер мырза Каталониядагы шайлоо боюнча не Испания өкмөтү, не автономиянын жетекчилиги менен байланышкан да эмес.

Каталониялык жикчилдер 27-сентябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын автономиялык провинциянын төбөлсүздүгүн көздөгөн кадам деп, борбордук өкмөттү шайлоону демократиялык референдум деп таанууга чакырды.

Испаниянын Конституциясы эч бир провинциянын бөлүнүп кетүүсүнө жол бербегендиктен, каталониялык жикчилдер убада кылгандай 18 ай ичинде автономиянын эгемен өлкө болуп калуусу жеңил жараян эмес. Алардын планы боюнча, 2017-жылга чейин парламенттик шайлоо өткөрүлүп, референдум аркылуу Конституцияны кабыл алып, аскер, Борбордук банк жана сот системасы түзүлүүгө тийиш. Ага чейин каталониялык шайлоочу Энрик Феррердин сөзү менен айтканда, провинциянын төбөлсүздүгү жөнүндө Мадрид менен сүйлөшүүгө кеминде эки жыл керек болот.

- Биз эрктүүлүккө жеткенге эки жыл кетиши мүмкүн. Бирок борбордук өкмөт кааласа гана сүйлөшүүгө жол ачылат. Эгер алар каалабаса, биз каалагандай төбөлсүздүктү бир жактуу жарыялаганыбыз жакшы болбойт. Ошого эмне болорун карап көрүшүбүз абзел.

Жикчилдер иштеп чыккан “жол картасы” боюнча, Мадрид Каталониянын төбөлсүздүгүнө бут тоссо, алар өздөрүн мөөнөтүнөн мурда эрктүү деп жарыялашы ыктымал.

- Каталония Испаниянын өзөгүн түзөт, Каталониясыз Испания жок деген деген ишеним бар. Каталонияны жоготуу Испания үчүн чындап тагдыр чечүүчү окуя болот, - деди башкаруучу Элдик партиянын кеңешчиси Нарциско Мичивела.

Айрым жергиликтүү серепчилер каталониялыктардын өз алдынчалыкка умтулуусу басктар жашаган аймактардын, Канар аралдарынын жана башка региондордун элин кодулап, Мадридден бөлүнүү маанайын күчөтүшү ыктымал деп боолгошот.

XS
SM
MD
LG