Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Шотландиядагы референдум Батыштын шаштысын алууда


Улуу Британия -- "Ооба" деген өнөктүктүн бир катышуучусу. Эдинбург, Шотландия, 14-сентябрь, 2014
Улуу Британия -- "Ооба" деген өнөктүктүн бир катышуучусу. Эдинбург, Шотландия, 14-сентябрь, 2014

Шотландияда 18-сентябрда өтө турган референдум дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө буруп турган чак. Биринчи жолу Европа Биримдигине мүчө өлкөдө чыр-чатаксыз, элдин көбү эгемендикти колдоп добуш берсе, дүйнөдө дагы бир жаңы мамлекет пайда болушу мүмкүн.

Шотландия десе, элдин көбү атактуу виски, океан-деңиз курчаган көк шибердүү өстөндөрдү, же чакмак түстүү юбка сымал улуттук кийим - килт кийген эркектердин сыбызгыган чоорду созгон көрүнүшүн элестетет.

Эгемендикти эңсөө

Дал ушул Шотландияда азыр саясий температура аябагандай көтөрүлүп, оңой менен кебелбеген британ саясатчыларынын баш оорусуна башкы себеп болуп турган чак.

Андан сырткары шотланддыктардын эгемендик үчүн референдумун колдоп, ал ишке ашса, бизге да үмүт жанданат деп ушу тапта Эдинбургга өз алдынча болууга көптөн бери умтулуп келаткан күрттөр, испаниялык каталондор, басктар, бельгиялык фламанддардын өкүлдөрү агылууда. Алар аэропорттордо Шотландиянын желегин желбиретип, улуттук кийимин кийип алышканын эл аралык телеканалдар көргөзүүдө. Эгемендүү өлкө болгусу келген шотланддыктардын кыймылы Британияга кошулган 307 жылдан бери ар кандай деңгээлде болуп келген, бирок соңку он жылда кыйла күчөдү дешет байкоочулар.

Шотландиянын картасы
Шотландиянын картасы

2011-жылы Шотландия парламентиндеги көпчүлүк мандаттарды Улуттук партия жеңгенден кийин ал кыймыл чыныгы саясий күчкө айланды. Кийинки жылы Шотландиянын 1-министри, Улуттук партия лидери Алекс Салмонд Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен 2014-жылы Шотландияда эгемендик маселесин референдумга чыгаруу тууралуу макулдашууга кол койгон. Британдыктардын көбү азыр да шотланддар баары бир бөлүнбөйт деп ишенип турган референдумдун мөөнөтү ошентип бат эле келип калды. 18-сентябрда Британия азыркы курамында кала береби, же Шотландия андан бөлүнүп чыгабы деген маселе чечилет. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, элдин жарымы эгемендикти колдойт, калган жарымы андан чочулайт, ошондуктан жыйынтыгы кандай болорун алдын-ала айтуу кыйын.

Эмне үчүн шотланддар өз алдынча мамлекет болгусу келет? Жоопту эгемендик кыймылынын соңку жылдардагы башкы лидери, Шотландиянын 1-министри Алекс Салмонддон уксак:

- Азыр биз үчүн тарыхый учур келди. Дүйнө коомчулугу Шотландияга назарын буруп турган чак. 1997-жылы Шотландияда улуттук парламент түзүлгөндөн бери биз өз элибизге мурдагыдан жакшы кам көрө баштадык. Багар-көрөрү жок карыялар өкмөттүн эсебинен акысыз камкордукка алынат. Кийинки муундагы студенттер үчүн университеттерде билим алуу акысын жойдук. Ошентсе да, дагы эле биздин жашообуздун өтө көп жактары Лондондон башкарылат. Биз элибизге зыянынан башка пайдасы жок чет жактардагы кандуу согуштарды, миллиарддаган долларлардын курал-жарак, массалык кыргын салуучу бомбаларды чыгарууга сарпталышын токтото албайбыз. Ашынган байларга салыкты көбөйтүү, же дагы башка маселелерди чечүүгө келгенде колубуз байланган. Азыр бизге тагдыр чечүүчү маселелердин баарын өз колубузга алуу мүмкүнчүлүгү келди. Ошондой учур келип олтурат. Шотландияда жашаган элди кандай башкарып, кандай багуу керектигин ушул жерде жашаган элден башка эч ким мыкты биле албайт. Бизди өзүбүздөн башка эч ким мыкты камкордукка алалбайт. Тарыхый учурду колдон чыгарбайлы. Биздин тагдыр өз колубузда болушу керек.

Ал эми Шотландиядагы “Биримдикте жакшыраак” кыймылынын лидери, башкача айтканда эгемендүү мамлекет идеясын колдобогон саясатчы Алистэр Дарлинг референдумда улутчулдар жеңсе, анын экономикалык, финансылык кесепеттери кандай болору али белгисиз деп эскертет.

- Салмонд мырза менин бардык сөзүмө ишенгиле деп атат. Эгемендик колго тийсе эртеси эмне болот деген планы жок. Мен үчүн баарынан башкысы – биздин коомду азыркыдан адилеттүү, өнүккөн коомго айландыруу. Салмонд мырзанын бир гана көздөгөнү – өз алдынча көз карандысыз мамлекетке ээ болуу. Анын тобокелчилиги, жоготуулар кандай болгон күндө да өз алдынча болуу керек, башкасы кызыктырбайт. Мен эки жылдан бери улутчул партиянын айткандарын угуп келатам. Ошол эле маалда элди – жумушсуз калбайбызбы, пенсиябыз эмне болот, балдарыбыздын келечеги кандай болот деген суроолор кызыктырат. Мен элдин баары каалап турган өзгөрүүлөргө каршы чыккан жокмун. Өзгөрүүлөр аркылуу Шотландия парламентине салык, финансы саясаты жагынан азыркыдан көп бийлик укуктары берилиши керек. Референдум жакындаган сайын улуттук валютанын наркы төмөндөп баратат. Эмне үчүн биз акчанын куну тууралуу ойлонушубуз керек? Анткени акчанын куну биздин жумуштагы алган маянабыз, бизнесте тапкан кирешебиз, дүкөндө төлөгөн каражат, банктан алган насыянын үстөгү, биз төлөгөн бардык коммуналдык акыларды аныктайт. Коомдук транспорт, пенсия да ага байланган, Шотландиядагы Түндүк деңиз мунай компаниясы Улуттук партия алардын кирешесин көбүртүп-жабыртып ашыра айтып жатканын эскертти. Бириккен падышалык, же Улуу Британиянын курамында биз башка коңшулар менен коопсуздук маселелерин оңоюраак чечебиз, жалпы дүйнө алкагында чоң өлкө катары сөзүбүз да өтүмдүү, өзүбүз да коопсуз турмушта жашайбыз деп ишенем.

Шотландиядагы кыргыздардын көз карашы

Шотландияда ондогон кыргызсандыктар да жашап жатышат. Алардын бири Ширин Абдуллаева бизге Кыргызстандын жараны болгондуктан референдумда добуш бербей турганын, бирок төрт жылдан бери жашап жаткандыктан, добуш берүүнүн жыйынтыгы кандай болсо да тынччылык менен бүтүшүн каалап турганын айтты.

- Эң башкысы – референдум аркылуу эгемендикке жетпей калган күндө да, бийликтегилердин, саясатчылардын бир катар маанилүү маселелерди өз алдынча чечүү аракети элге пайда алып келсе болду. Көз карандысыздыкка умтулуп жаткан катмар шотланддардын улуттук өзгөчөлүгүн сактап калууну, ошол эле англичандардан айырмаланган өзгөчө жактарын сактап калууну каалайт. Британиядан көз каранды эмес саясат жүргүзүлүшүн колдоп жатышат. Элдин кызыкчылыгында чечилсе болду.

Шотландиядагы кыргыздар, Эдинбург
Шотландиядагы кыргыздар, Эдинбург

Ширин сыяктуу Шотландиянын жарандыгы жок чет өлкөлүктөр референдумга катыша алышпайт. Бирок Шотландиянын жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандыгы бар жашоочуулардын баары – атүгүл биринчи жолу 16-17 жаштагылар да улуттук добуш берүүгө катыша алышат. Чет өлкөлөрдө жашап жаткан миллионго чукул шотландиялыктар добуш бере албаганына аябай нааразы.

Маалымат үчүн айта кетели, Шотландиянын калкы 5 миллион 300 миңге жакын. Европа Биримдигиндеги эң ир мунай өндүрүүчү. Британиядагы мунай өндүрүшүнүн дээрлик 90 пайызы Шотландияда жайгашкан. Өнөр жайы абдан өнүккөн өлкө, жакынкы эле жылдары дүйнөдөгү кемелердин бештен бири дал ушул Шотландияда даярдала турган. Атактуу вискинин мекени.

Ошентсе да, Шотландия референдумда эгемендикти колдоп добуш берсе, эртеңки экономикалык, финансылык акыбалы белгисиз, өлкө туңгуюкка кептелет деген көз караштагылар аз эмес. Башында айтылгандай, Шотландиялыктардын дээрлик жарымы ушундай пикирде.

Шотландияга турмушка чыккан Шахсанем Мюррей күйөөсү Гордон менен.
Шотландияга турмушка чыккан Шахсанем Мюррей күйөөсү Гордон менен.

Кыргызстандык Шахсанем Мюррей Шотландиянын борбору Эдинбургда жашаганына 13 жыл болду. Ал көпчүлүк калк экономикалык жактан туруктуу Британиянын курамында кала берүүнү колдой турганын, эмитен эле эртеңкисинен чочулаган айрым чет элдик ишканалар иш кеңселерин Лондонго көчүрүп кете баштаганын айтып берди. "Эл азыркы учурда эң туруктуу улуттук акча - британ фунтуна ишенет. Антпесе эртеңкиси кандай болору белгисиз. Улутчулдар биздей ойлогондордун жыйындырына бүлүк салып, суу чачып, жумуртка ыргытып, бут тосуулар көп эле болуп жатат", - деп баяндады жаңы эле "Биримдикте жакшыраак" кыймылынын чогулушунан келген Шахсанем айым биздин радио менен болгон маегинде.

Евробиримдик улутчул кыймылдарды күчөттүбү?

Шотландияда референдум көз карандысыздыкды колдоп, Европада өз алдынча дагы бир мамлекет пайда болсо, дүйнө коомчулугу муну кандай кабыл алышы мүмкүн? Белгилүү америкалык илимпоз, саясий серепчи Ноам Хомскийге ушул суроону узаттык.

Ноам Хомский: Эл аралык капитализм муну жактырбайт. Катаал реакция болушу да мүмкүн. Бул – Европадагы улуттук түзүлүштүн андан ары акырындап бөлүнүп жарылуусуна алып келиши ыктымал. Испаниядагы каталондор өкмөт уруксат бербесе да референдум өткөрөбүз деп атышат. Ал жактагы басктар да араң турушат. Европа Биримдигин түзүп баарын бириктирип борбордоштуруу аракети ага жооп катары регионализм, жергиликтүү маданият, тил, автономияны сактап калуу кыймылын күчөттү. Еврошаркет бийликти барган сайын өз колуна алып, иш жүзүндө ага кирген өлкөлөрдүн бийликтери азыр өз алдынча социалдык-экономикалык саясатын жүргүзө албай калышты. Мунун баары жер-жерлерде улуттук кыймылдарды күчтөндүрдү. Британия Евробиримдиктин ичинде обочолонуп, өз алдынчалыгын көбүрөөк сактаганга аракет жасады. Ошентсе да, менимче улутчулдук кыймылы бул жерди кыйгап өткөн жок, келечекте башка жерлерде да жемишин көрөбүз деп ойлойм.

"Азаттык:" Бул окуянын Британиянын тарыхындагы ролу кандай болот?

Хомский: Британия – жүздөгөн жылдардан бери бир таң калычтуу түзүлүштөгү мамлекет болуп келди. Аталышынан да элдин башы айланат: Англия деп аташ керекпи, же бир нече улуттун Федерациясыбы, Бириккен Падышалыкпы, же Улуу Британиябы? Конституциясы жазылбаган монархия деп айтылат. Азыркы Британия кандуу уруштар аркылуу түзүлгөн жасалма биримдик. Англичандар, шотланд, уэльстиктер, ирланддар бири-биринен тили, дини, маданият, салты жагынан айырмаланган элдер. Бири-бирине окшошпойт. Булардын баарын бир мамлекетке кошуп, чек араларды орнотуу, бир социалдык, саясий, экономикалык мыйзамдарга баш ийдирүү далай куралдуу баскынчылык иштерин талап кылган. Европа негизи эле мамлекеттерге бөлүнүп, чек араларды аныктап орнотуу иштеринде аябай жапайы окуяларды баштан кечирген. Европадагы ички согуштар токтогонуна аз эле болбодубу, ага чейин канчалаган кылымдар жалаң чек ара талаш, жер талаштын айынан уруштардан башы чыкпай келген. 1945-жылы Европа бир аз соолуга түшкөндөй болду, дагы бир ушундай баарын талкалап кырган согушту адамзат көтөрө албайт деп эсине келгендей болду. Бирок жалпы эле дүйнөдөгү мамлекеттик түзүлүш, чек араларды карап көрсөңүз, алардын көбү империялык бийликтердин кызыкчылыгында аныкталган. Британия, мисалы, Ирактын азыркы чек араларын өз кызыкчылыгында эле аныктап алган. Ирактын түндүк чектери ал жактагы мунайды Түркия эмес, Британия казып алыш үчүн азыркыдай болуп калган. Түштүк жагы Ирак өз алдынча деңизге чыкпай калыш үчүн Кувейтти өзүнчө бөлүп коюшкан. Пакистан менен Ооганстанда пуштун эли чек ара сызыгы аркылуу экиге бөлүнүп калган, Африкада андай мисал толтура – деги кайда карабаңыз, дүйнөдөгү үстөмөндүк кылган империялык бийликтер бардык жерлерди өз кызыкчылыгында улут-мамлекетке бөлүп чийип койгон.

Улуу Британия -- Референдумга карата "Жок" жана "Ооба" деген сөздөр жазылган көрнөк. Льюис аралы, Шотландия, 14 сентябрь, 2014
Улуу Британия -- Референдумга карата "Жок" жана "Ооба" деген сөздөр жазылган көрнөк. Льюис аралы, Шотландия, 14 сентябрь, 2014

Ошентип, 18-сентябрда Шотландияда эл мындан ары Британиянын курамында кала беребизби, же көз карандысыз Шотландия мамлекети болсунбу? – деген суроого жооп беришет. Бул – биринчи жолу Европа Биримдигине мүчө мамлекетте тынч жол менен элдин саясий тандоосу болмокчу. Буга чейин Косоводо албандар сербдер менен согушуп отуруп референдум өткөргөн. Крымда март айында өткөн референдумдун жыйынтыгын эл аралык коомчулук ишенбөөчүлүк менен кабыл алган. Орусиянын президенти Владимир Путин эми Шотландиядагы референдумду Европа кандай кабыл алаарын көрө жатарбыз деп күтүп жаткан кез.

18-сентябрда Шотландия көз карандысыздыгын жарыяласа, кезек бизге да келет деп илгери үмүт менен Испаниядагы каталондор менен басктар, түркиялык күрттөр, Кытайдын курамындагы тайвандыктар, Франциядагы тироль жана корсикалыктар, атүгүл Германиядагы бавариялыктар да өз делегацияларын Эдинбургга аттантып жатканы кабарланууда. Британиялык маалымат каражаттары референдум баары бир көз карандысыздыкты колдобойт дегендей маанайда чагылдырып жатты эле, соңку күндөрү бир аз кооптонгон материалдар чыга баштады.

Сурамжылоо эгемендикти колдогондор бирде бир аз көбөйүп, бирде кайра азая түшкөнүн көргөзүүдө.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG