Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Украин Радасы Донбасстын өзгөчө макамын талкуулайт


Донецк жана Луганск облустарынын өзгөчө макам берилчү бөлүктөрү
Донецк жана Луганск облустарынын өзгөчө макам берилчү бөлүктөрү

Президент Петро Порошенко Украинанын чыгышындагы Донбасс регионуна автономия макамын берүүгө жол ачкан жобону Конституцияга киргизүүнү сунуш кылды.

Порошенко мындай долбоорду 15-июлда Киевде АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Виктория Нуланд менен жолуккандан кийин улуттук парламентке жөнөтүүнү чечкен.

Украин парламенти - Жогорку Раданын сайты маалымдагандай, президент Порошенко сунуш кылган долбоор боюнча Донбасстын өзгөчө макамы Конституцияда ырасталышы керек. 16-июлда “Украинская правда” интернет-басылмасынын кабарлашынча, Петро Порошенко аталган эки аймакка иш жүзүндө автономия берүү жөнүндө чечимге шаршемби күнү АКШ мамкатчысынын жардамчысы Виктория Нуланд менен кездешкенден кийин барды.

Саясат таануучу, Киев-Могилян улуттук университетинин профессору Алексей Гарандын түшүндүрүшүнчө, долбоордо өзгөчө макамды жалпы Донбасска эмес, анын орусиячыл козголоңчулар көзөмөлдөгөн райондоруна гана берүү каралган.

- Донецк жана Луганск облустарынын автономиясы жөнүндө кеп жок. Сөз иш жүзүндө басып алынган аймактар жөнүндө жүрүүдө. Анткени президент Порошенко мурда киргизген долбоордо оккупациялык аймактын өзгөчө макамы өтмө жоболорго жана мыйзамдарга шилтеп гана айтылган. Бул украин коому үчүн ылайыктуу эле.

Кошмо Штаттар, Франция жана Германиянын жетекчилиги буга чейин да Порошенкого кайрылып, Минск келишимине ылайык, Донбасстын өзүн өзү башкаруусун камсыздоо үчүн Конституцияга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чакырышкан.

Донбасстагы согуш жүрүп жаткан аймактардын картасы. 29-июль 2015
Донбасстагы согуш жүрүп жаткан аймактардын картасы. 29-июль 2015

Минск келишимине 2014-жылы 5-сентябрда кол коюлган. Айрым маалыматтар боюнча, ал тушта жикчилдер 4, 6 миллион эл жашаган 16 000 квадрат километр жерди көзөмөлдөп турушкан.

Орусия бир нече ирет Украинаны Донецк жана Луганск облустарынын айрым бөлүктөрүнө автономия берүү боюнча Минск келишимин аткарбай жатат деп сындаган. Москва Донбасска автономиялык макамды бербөө аймакта уруштун токтошуна олуттуу жолтоо болуп жатат деп, Киевди сындап келет. Жикчилдер аталган эки облустагы өздөрү ээлеген аймагын Элдик республика деп жарыялаган.

Жогорку Раданын вице-спикери Оксана Сыроед 16-июлда Фейсбукта Минск келишиминин аткарылышын каалаган “эл аралык коомчулук тарабынан украиналык парламентарийлерге тынбай катуу кысым болгонун сезип жатканын” жазды.

Алексей Гаран эгер Конституция Украина чыгышындагы жикчилдердин көзөмөлү астындагы аймакка автономиялык укук берсе, бул президент Путиндин баскынчы саясатын ырасмий түрдө таануу болот дейт:

- Эгер бул абал Конституциянын негизги текстине киргизилсе, парламентте жана коомдо катуу каршылык болорунан күмөн санабайм. Бул Путин аскердик агрессиянын натыйжасында Украинанын кээ бир райондоруна өзгөчө макам таңуулай алды дегенди түшүндүрөт. Бул Орусия аскер жиберип, кайсы бир өлкөнүн бир бөлүгүн басып алып, анан аймакка өзгөчө макам талап кылса болот дегенди түшүндүрөт. Маселенин маңызы ушунда.

Былтыр мартта Орусия Украинанын 2 миллионго чукул калктуу аймагы-Крымды аннексиялап алган.

Профессор Гаран Донбасстын козголоңчул бөлүгүн автономиялык абалга өткөрчү мыйзамга каршы экенин мындайча түшүндүрдү:

- Мындай макам үчүн убакыт али эрте жана негиз жок. Себеби согушчандар элдешүүгө макул болбой жатат. Ок атуулар уланууда. Салгылашуулар күчөөдө. Мындай жагдайда аймактын өгөчө макамын Конституцияга жазуу такыр туура эмес.

Украина чыгышында былтыр апрелден бери өкмөттүк күчтөр орусиялык жикчилдер менен салгылашууда. Улуттар уюмунун эсебинче, 1-июнга карай уруштун кесепетинен өлгөндөрдүн саны 6400дөн ашып кетти. Расмий Киев козголоңчулардын 15-июль күнкү чабуулунан украин армиясынын үч аскери катардан чыгып, 16 жоокер жарадар болгонун маалымдады.

XS
SM
MD
LG