Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Кувейтте алданган үч кыргыз жараны Кыргызстанга жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кувейтке жумушка орноштуруу жөнүндө убадага алданып барып алып, кыйын кырдаалда калган үч кыргызстандык жаран Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, алар Бишкектеги жумушка орноштуруу боюнча ортомчу агенттиктер менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кувейтке барышкан. Бирок ал жакта сүйлөшүлгөндөй иш жана шарт болгон эмес.

Ошондон кийин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык миграция уюму менен чогуу иш алып барып, алданган жарандар 9-июнда Бишкекке учуп келишти. (BkA)

XS
SM
MD
LG