“Норманд төрттүгүнө” кирген Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери бүгүн Берлинде жолугушуп, Украинанын чыгышындагы жаңжал жүрүп жаткан аймакка Улуттар Уюмунун тынчтык сактоочу күчтөрүн жайгаштыруу боюнча маселени талкуулашат.
Бардык тараптар Украинанын чыгышына эл аралык тынчтык сактоо күчтөрүн жайгаштырууга каршы эмес, бирок миссиянын мандаты тууралуу пикир келишпестик бар.
Германия менен Франция Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын баарына, анын ичинде украин-орус чек арасына да Улуттар Уюмунун миссиясын жайгаштырууну туура көрөт. Орусия болсо мындай сунушка каршы.
Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинен бери 10 миң 300дөн ашуун киши жарыкчылык менен кош айтышты. Жаңжал жүрүп жаткан жерде ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуу сакталган жок. 6-июнда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Украинадагы бардык тараптарды 2015-жылы түзүлгөн тынчтык келишимин кайра калыбына келтирүүгө үндөдү.