Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Карыбаева: Мумиянын көмүлүшүнөн президенттик аппарат кабардар болгон эмес


Мира Карыбаева.
Мира Карыбаева.

Бишкектеги Улуттук тарых музейиндеги мумиянын Баткенге көмүлүшү боюнча президенттик аппараттын кабары болгон эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева билдирди. Анын айтымында, мумиянын көмүлгөнү тууралуу өзү да Интернеттен гана кабардар болгон.

- Мен тарыхчы катары ичим күйөт. Башка өлкөлөрдө музейлерде мындай экспонаттар турса көкөлөтүп, сакташмак. Биздики болсо ушинтип салышты. Бизге бул боюнча маалымат жеткен эмес. Мен көмүлгөндөн кийин Интернеттен окудум, - деди Карыбаева.

Ошондой эле Мира Карыбаева учурда аны казып алуу боюнча аракеттерден майнап чыгарына ишенбей турганын кошумчалады.

Былтыр күзүндө Улуттук тарых музейинен баалуу тарыхый экспонат болуп эсептелген, Баткенде табылган мумияны коомдук активисттер алып кетип, көөмп салышкан соң музейдеги экспонаттардын сакталуу деңгээли кескин сынга кабылган. Илимий чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү азыркы убакка чейин мумияны кайра музейге кайтарууну талап кылууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG