Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Деңизде калган кемедеги мигранттарды Испания кабыл алат


"Aquarius" кемесиндеги мигранттар менен куткаруучулар, 10-июнь, 2018-жыл.
"Aquarius" кемесиндеги мигранттар менен куткаруучулар, 10-июнь, 2018-жыл.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес деңизде калган мигранттарды кабыл алууга макул болду. Премьердин кеңсеси тараткан билдирүүдө Валенсия шаарынын порту 600дөн ашуун мигранты бар кемени кабыл алууга даяр экени айтылат.

“Гуманитардык апаатты болтурбай, мигранттарды коопсуз жайга көчүрүү - адам укуктары жаатындагы милдетибиз” - деп жазылат билдирүүдө.

Ага чейин Италиянын жакында эле кызматка дайындалган ички иштер министри Маттео Сальвини мигранттарды салган кемени Мальта кабыл албаса, ал орто жолдо калган качкындар үчүн өз өлкөсүндөгү бардык портторду жабарын эскертти. Куткаруучулар тобу "Aquarius" кемеси деңизде калган 629 мигрантты өз бортуна салганын 9-июнда билдирген.

Мальта болсо качкындарды кабыл алуудан баш тарткан. Өлкөнүн бийлиги кеме мигранттарды Ливиянын жээгинен куткарып калганын жана бул операция Италия өкмөтү менен макулдашылганын жүйө келтирген.

XS
SM
MD
LG