Кыргыз парламентинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчет угат.
Депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келип баяндама жасарын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
2017-жылы өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана азыр коррупцияга айыпталып кармалган Сапар Исаков башкарган.
Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамы быйыл 20-апрелде ишке киришкен. (SE)