Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Робби Уильямс Футбол чемпионатынын ачылышында ырдайт


 Робби Уильямс.
Робби Уильямс.

Британиялык ырчы Робби Уильямс 14-июнда Москвада Дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылышында ырдайт. Эл аралык футбол федерациясы кабарлагандай, Уильямс менен орусиялык ырчы Аида Гарифуллина "Лужники" стадионунда Орусия менен Сауд Арабиясынын командаларынын беттешинин алдында ыр сунушат.

Робби Уильямс 2016-жылы "Party Like A Russian" ("Орустай көңүл ач") аттуу ыр чыгарып, айрым орусиялыктардын сынына кабылган. Алар "Орусияга каршы стреотиптерди күчөтөт" деп нааразы болушкан эле.

Орусияда Футбол чемпионаты 14-июнда башталып, бир айга созулат. Мелдештер бир канча шаарларда өтөт.

XS
SM
MD
LG