Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

АКШ-Түндүк Корея сүйлөшүүлөрү өтүп жатат


Дональд Трамп менен Ким Чен Ын жолугушкан учур. Сингапур, 12-июнь, 2018-жыл.
Дональд Трамп менен Ким Чен Ын жолугушкан учур. Сингапур, 12-июнь, 2018-жыл.

Ушул тапта Сингапурда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу өтүп жатат. Көптөн бери күтүлүп жаткан бул сүйлөшүү "тарыхый" деп мүнөздөлүүдө. Алар бул өлкөгө жекшембиде учуп барышкан.

Трамп менен Ким кол кармашып учурашты. Андан ары алар котормочулардын катышуусу менен жеке жолугушууга өтүштү. Ал эки саатка созулушу мүмкүн экени айтылды. Бетме-бет сүйлөшүүдөн соң делегациялардын жолугушуусу башталат.

Саммитке бир күн калганда Сингапурда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Сентоса аралындагы жолугушуу өтө турган мейманкана катуу кайтарылып жатат.

Бул саммитте расмий Пхеньяндын өзөктүк курал маселеси жана Корей жарым аралындагы денуклеаризация аракети талкууланганы турат.

Трамп саммитти Түндүк Корея үчүн "бир жолу гана берилүүчү мүмкүнчүлүк" деп атаган. Айрым эксперттер муну "Берлин дубалынын кулашы" менен да салыштырып, Түндүк Чыгыш Азиядагы коопсуздукка оң таасирин тийгизет деп сыпаттоодо.

Азырынча Түндүк Корея кандай шарттарды коеру так белгисиз. Президент Трамп эгер сүйлөшүү ойдогудай жүрбөсө, саммиттен чыгып кетерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG