Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

Ооганстандагы чабуулдар 30дан ашуун адамдын өмүрүн кыйды

Жарадарлар.
Жарадарлар.

Ушул жумада Ооганстанда жанкечтинин кол салуусунан 33 киши курман болгону кабарланууда.

Кабулда жанкечти Айылды өнүктүрүү министрлигинин алдында өзүн жардырып, андан 12 адам мерт болуп, 30дан көбү жарадар болду. Кундуз провинциясында талибдер коопсуздук күчтөрүнүн постуна кол салып, 15 аскерди өлтүрүштү.

Газниде автоунаа жарылып, алты киши жашоо менен кош айтышты.

Чабуулдар үчүн өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ жоопкерчилик алганын жоочулардын АМАК агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG