Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:34

Жогорку технологиялар паркына имарат бериле элек


Иллюстрациялык сүрөт.

2011-жылы Жогорку технологиялар паркын түзүү боюнча мыйзамдын негизинде 2014-жылы ишин баштаган мамлекеттик дирекция азыркыга чейин туруктуу имараты жок иштеп келатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул парктын директору Алтынбек Исмаилов билдирди. “Бизге Кыргыз улуттук илимдер академиясынан имарат бөлүнгөн. Бирок ал жактагылар бербей жатышат. Азырынча виртуалдык шартта, чакан бөлмөдө эле иштеп жатабыз”, - деди Исмаилов.

Азыркы тапта парктын эсебинде кырктан ашуун IT компаниясы катталган. Бул тармактагы жылдык киреше 4 миллион долларга жетет. (BCh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG