Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Былтыр мамлекет коррупциядан 670 млн. сом зыян тарткан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылы “Коррупция” беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголду. Андан мамлекеттик бюджет 670 млн. сом зыян тарткан. Анын 18,4 млн. мамлекетке кайтарылган.

Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде өкмөттүн былтыркы иши тууралуу отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, козголгон кылмыш иштеринин 82си сотко өттү.

Абылгазиевдин маалыматына караганда, 2017-жылы аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча бюджетке 8,4 млрд. сом өндүрүлгөн. Бул 2016-жылга салыштырамалуу 3 эсе көп.

2017-жылдары өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана азыр коррупцияга айыпталып кармалган Сапар Исаков башкарган.

Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамы быйыл 20-апрелде ишке киришкен. (КE/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG