Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:57

Таласта селдин зыяны саналып жатат


Талас облусу. 12-июнь, 2018-жыл. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарткан сүрөт.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ак-Жар айылында селден жабыркаган турак жайлар жок. Бул тууралуу аталган райондун акимчилиги «Азаттыкка» билдирди.

11-июнда Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылында катуу жаан жаап, 200 түтүн жашаган эки көчөнү суу каптаган. Сел айылдагы төө буурчак айдалган талааны да жууп кеткен.

Азыр чыгым эсептелип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгы кабарлады. (AlS)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG