Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Абылгазиев: Кумтөр боюнча соңку келишимди талдап жатабыз


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Өкмөт Кумтөр боюнча соңку келишимди талдап жатат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин комитеттерине өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчет берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы "Центерранын" жетекчиси менен бир сыйра жолукканын, анда былтыр сентябрь айында кол коюлган келишим, анын жыйынтыктары боюнча кыргыз өкмөтүнүн ойлору бар экенин билдиргенин айтты. Абылгазиев бул сунуштарды өкмөт алгач парламентке алып келип, талкууга коерун кошумчалады.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду депутаттар "Кумтөр боюнча келишимди Жогорку Кеңешке алып келбей эле кол коюп койгон" деп сынга алышкан.

2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш. Бирок бул келишимге коомчулукта нааразылыктар болуп, ага кол койгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуштар айтылган.

Андан бери Кумтөр алтын кенин сатып алууга кызыгарын Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы (Chaarat Gold Holdings Limited) компаниясы билдирип, ал сунуш кылган шарт Кыргызстан үчүн алгылыктуу экенин жарыялаган. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG