Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Прокуратура чек арачыларга салынган курулушта мыйзам бузулганын тапты


Таласта чек арачыларга курула баштаган турак жай. 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Таласта чек арачыларга курула баштаган турак жай. 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук прокуратурасы Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында чек арачыларга салынган 36 батирлүү үйдүн курулушун текшерип чыкты.

Анын жыйынтыгында прокуратура 2017-жылдын январында Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, курулушка керектүү каражаттарды сатып алууда мыйзам бузууга жол бергени аныкталганын билдирди. Маалыматка караганда, аталган башкармалык сатып алуу үчүн мыйзамсыз сынак өткөрүп, анда долбоорлоо-сметалык документтери толук болбогон компания жеңип чыккан. Аны менен 47 млн. 632 миң сомдук келишим түзүлгөн.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө долбоор менен сметанын ортосунда айырмачылык чыгып, мамлекеттик казынадан кошумча 11 миллион сом алынганы белгилүү болгон.

Башкы прокуратура муну менен мамлекетке чоң суммадагы материалдык зыян келтирилгенин маалымдады. Факты боюнча Чүй облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу"), 326 ("Шалаакылык"), 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат укугунан аша чабуусу") беренелери менен кылмыш иши козголду. Материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. (NT)

XS
SM
MD
LG