Президентке караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш бүгүн биринчи жыйынга чогулду.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жыйында аталган кеңештин мүчөлөрү жобо менен таанышып, негизги милдеттерди талкуулады. Ошондой эле 2018-жылда аткарыла турган иштерди ортого салышты.
Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш быйыл 4-июнда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен түзүлгөн. Ага санариптик транформациялоого байланыштуу маселелер боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда инновациялык ыкманы колдонуу, бул иштерге жарандык коомду жана эксперттерди тартуу милдети жүктөлгөн.
Эксперттик кеңештин жетекчиси болуп Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев дайындалган. (NT)