Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Трамп менен Ким тарыхый саммитте документке кол коюшту


Cингапурдун Сентоса аралында АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын документке кол коюп жатышат. 12-июнь, 2018-жыл.
Cингапурдун Сентоса аралында АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын документке кол коюп жатышат. 12-июнь, 2018-жыл.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын кол койгон документте Кошмо Штаттар менен Түндүк Корея “бекем жана туруктуу тынчтыкка” умтулары айтылат. Пхеньян “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу багытында иш жүргүзүүгө милдеттенме алат”. Ошондой эле кийинки сүйлөшүүлөр “жакын арада өтөрү” белгиленет.

Шейшембиде Сингапурда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан тарыхый саммит аяктады. Трамп түндүк кореялык лидер менен коштошуп жатып, аны менен дагы «көп жолу» кездешерин билдирди.

Трамп түндүк кореялык лидерди «инсандык сапаты жогору, акылдуу жана жеткилең сүйлөшүүчү» деп мүнөздөдү. Америкалык лидер ошондой эле «биз бири-бирибиз жана өлкөлөрүбүз тууралуу көп нерсе билдик» деп айтты.

АКШнын президенти Ким Чен Ынды «өз өлкөсүн сүйгөн өтө таланттуу адам» деп баалады. Ал ошондой эле Ким Чен Ынды Ак үйгө чакырууга ниети бар экенин да кошумчалады.

Эки лидер адегенде 45 мүнөт көзмө-көз котормочулардын катышуусунда гана жолугушту.

XS
SM
MD
LG