Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

АКШ менен Түндүк Кореянын тарыхый саммити


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан саммит аяктады.

Трамп Түндүк Кореянын лидери менен коштошуп жатып, аны менен дагы «көп жолу» кездешерин билдирди.

Трамп түндүк кореялык лидерди «инсандык сапаты жогору, акылдуу жана жеткилең сүйлөшүүчү» деп мүнөздөдү. Америкалык лидер ошондой эле «биз бири-бирибиз жана өлкөлөрүбүз тууралуу көп нерсе билдик» деп айтты.

АКШнын президенти Ким Чен Ынды «өз өлкөсүн сүйгөн, өтө таланттуу адам» деп баалады. Ал ошондой эле Ким Чен Ынды Ак үйгө чакырууга ниети бар экенин да кошумчалады.

Эки лидер кол койгон документте Кошмо Штаттар менен Түндүк Корея “бекем жана туруктуу тынчтыкка” умтулары айтылат. Пхеньян “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу багытында иш жүргүзүүгө милдеттенме алат”. Ошондой эле кийинки сүйлөшүүлөр “жакын аралыкта өтөрү” белгиленет.

Трамп Түндүк Кореянын лидери менен Сингапурда өткөн саммит “мурда күтүлгөндөн алда канча жемиштүү болгонун” билдирди.

Буга чейин Сентоса аралындагы мейманканада эки лидердин 45 мүнөткө созулган жолугушуусу өткөн. Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүнү “чоң жетишкендик” катары атады.

Дональд Трамп жана Ким Чен Ын кол кармашып, бир аздан кийин жекеме-жеке сүйлөшкөн. “Биз эң мыкты алаканы кура алабыз, мындан күмөн санабайм”, - деди Трамп.

Жарым сааттык сүйлөшүүдөн кийин лидерлер мейманкананын алдына чыгып, кабарчыларга кол булгашты. Мындан кийин кеңири форматтагы жолугушуу башталды.

“Ким мырза, сиз менен жолугушуу чоң сыймык. Мен чоң маселелерди чечүүдө чоң ийгиликтерге жетишерибизге ишенем. Бирге иштөө менен биз маселени жөнгө сала алабыз. Бул чоң сыймык, чоң рахмат”, - деди Трамп.

Мындан эки айдай мурда АКШ менен КНДР эки өлкөнүн лидерлеринин тарыхый жолугушуусун өткөрүүнү макулдашкан. Ал арада Дональд Трамп менен Ким Чен Ын бирин бири мазактап, мактап, саммитти кийинкиге калтырып жана кайра пландоого да үлгүрүшкөн.

Алгачкы кол алышуу. Сүрөт баян

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG