Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Абылгазиев: Аймактык чыр-чатакты козутуу аракети дагы эле бар


Бишкек, Ала-Тоо аянты. 7-апрель, 2017-жыл.
Бишкек, Ала-Тоо аянты. 7-апрель, 2017-жыл.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн парламенттин тармактык комитеттеринде өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчет берип жаткан учурда билдирди. Ал мамлекеттик башкарууга ийкемдүүлүк жана ыкчамдык жетишпей жатканын айтты.

- Айрым тармактардагы жетишкендиктерибизге карабай, өлкөбүздө дагы эле чечилбеген маселелер көп. Конституциялык негиз, экономикалык эркиндик, социалдык адилеттик жана жарандык катышуу сыяктуу маанилүү багыттарда канчалык күч-аракеттер жумшалса да, кайтарым аз болуп жатат. Өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулук коркунучтары, улут аралык, ал түгүл түндүк-түштүк болуп бөлүнүү, аймактык чыр-чатакты козутуу аракеттери дагы эле бар.

Абылгазиев бул багытта укук коргоочулар иштеп жатышканын кошумчалады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков элди "түндүк-түштүк" деп бөлгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскерткен. Ал Ысык-Көл облусунда 3-майда жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жатканда бул маселени атайлап козутуп жаткан чагымчыл топтор бар экенин айткан. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG