Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Ооганстан: террордук чабуулдардан ондогон адам өлдү


Террордук чабуулдан жарадар болгондор Желалабад шаарынын ооруканасында. 11-июнь, 2018-жыл.
Террордук чабуулдан жарадар болгондор Желалабад шаарынын ооруканасында. 11-июнь, 2018-жыл.

12-июнда өлкөнүн түндүгүндөгү Сари-Пул провинциясында ооган коопсуздук күчтөрүнүн 14 мүчөсү “Талибан” кыймылынын жоочуларынын кол салуусунан жарыкчылык менен кош айтышты. Кеминде 25 киши жарадар болгонун провинциянын жергиликтүү бийлигинин өкүлү Нур Ага Нури билдирди.

Нури ошондой эле төрт жарадар жоокерди согушкерлер туткундап кетишкенин да кошумчалады.

Чыгыштагы Ганзи провинциясында жанкечти аскердик техниканы айдай качып, бери дегенде беш коопсуздук кызматкерин өлтүргөнү белгилүү болду. Провинциянын басма сөз катчысы Ариф Нури кандуу кол салуу 12-июндун таңында болгонун ырастады.

Ал бери дегенде 26 киши, анын ичинде губернатор жана 18 полиция кызматкери жарадар болгонун билдирди.

Бир да топ азырынча чабуулдарды мойнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG