Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Ооганстан - ШКУнун талуу маселеси


Ооганстандын Кундуз провинциясындагы полиция офицери. 26-ноябрь, 2017-жыл.
Ооганстандын Кундуз провинциясындагы полиция офицери. 26-ноябрь, 2017-жыл.

“Талибандын” согушкерлеринин акыркы кол салуусунан ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 20дай кызматкери мерт болду. Ооганстандын президенти убактылуу от атышпоо тууралуу жарыялаганына карабай, “Талибандын” чабуулдары азырынча токтой элек. Кытайда 10-июнда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде да Ооганстандагы кырдаал, тынчтык орнотуу маселеси башкы темалардын бири болду.

11-июндагы “Талибандын” согушкерлери Кундуз провинциясындагы көзөмөл бекетине кол салганда ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 15 кызматкери мерт болду. Провинциянын өкүлү Аминулла Аяддиндин айтымында, кол салуу таң заарда, аскерлер орозодогу ооз бекитүүгө отурган учурда болгон. Кагылыштан он аскер жана беш полиция кызматкери көз жумду. Бул - “Талибандын” Ооганстандын президенти убактылуу от атышпоону жарыялагандан кийинки ири чабуулу.

Ашраф Гани 7-июнда жарыялаган видео кайрылуусунда “Талибан” кыймылы менен Орозо айтка байланыштуу 12-20-июнь күндөрү ок атышуу бир тараптуу токтотуларын жарыялаган. Ал чечимди бир катар өлкөлөр, анын ичинде Батыш мамлекеттери да кубаттаган.

10-июнда Кытайдын Циндао шаарындагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде Индиянын премьер-министри Нарендра Моди ооган президентинин демилгелерин колдоого чакырды:

Нарендра Моди.
Нарендра Моди.

- Ооганстандагы абал - биздин жалпы аймактагы терроризмге жана экстремизмге туура эмес мамиле кылганыбыздын үлгүсү. Менимче, баары Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин тынчтык орнотуудагы демилгелерин колдойт деп ойлойм.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна Орусия, Кытай, Индия, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Ал эми Ооганстан уюмда байкоочу-мүчө макамына ээ. ШКУдагы мамлекеттердин көбү Ооганстан менен түз чектешет же ага жакын жайгашкан мамлекеттер. Ошондуктан уюмда "Ооганстан-ШКУ" байланыш тобу түзүлгөн.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И буларга токтолду:

Ван И.
Ван И.

- ШКУнун курамындагы мамлекеттердин көбү - Ооганстандын коңшулары. Ошондуктан ШКУнун эң башкы маселеси – ооган көйгөйү. Биз жакында ооган маселесин чечүүнүн механизмдерин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кайра карай баштадык.

11-июнда “Талибандын” согушкерлери аскерлерге кол салган Кундуз провинциясы Тажикстан менен чектешет. Тажик президенти Эмомали Рахмон "ШКУ-Ооганстан" байланыш тобунун мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу зарыл деп эсептейт:

Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

- Биз ШКУ-Ооганстан байланыш тобун кызматташтыкты бекемдөөдө натыйжалуу пайдаланышыбыз керек. Ошондой эле биз Ооганстанды социалдык жана экономикалык өнүгүү багытында колдоого алабыз. Мындан тышкары, биз Ооганстандын келечегин анын эли өзү чечииш керек деп эсептейбиз.

Ооганстандан келген акыркы маалыматтарга караганда, 11-июнда Нангархар провинциясынын борбору Жалалабад шаарында согушкерлер билим берүү департаментине кол салган. Ал эми өлкө чыгышындагы Газни шаарында кичиавтобуска коюлган бомба жарылганда алты киши, анын ичинде аялдар жана балдар да көз жумган. Газнидеги дагы бир кол салуудан үч полиция кызматкери мүрт кеткен. Бул кагылышта ондой талиб согушкери да өлтүрүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG