Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Финпол: чет элдик 50 студент окуу жайдагы алдамчылык боюнча арызданды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Бишкектеги окуу жайларынын биринде алдамчылык фактысы катталганын кабарлады. Маалыматта айтылгандай, бул кызматка 2017-жылдын сентябрь айында окуу үчүн ар бири 2900 доллардан (жалпысынан 145 миң доллар) төлөшкөнүн билдирип, чет элдик 50 студент кайрылган. Бирок акча төлөнгөнү тууралуу кагаз берилген эмес. Жыйынтыгында контракт төлөбөгөнү үчүн студенттер окуудан айдалган.

Финполиция тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуя кайсы окуу жайында болгонун билдирүүдөн баш тартты. Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ага тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG