Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Кытайда 62 жаштагы аял 27 чакырым сууда сүзүп, рекорд койду


Хайнан провинциясынын деңиз жээги. 18-октябрь, 2016-жыл.
Хайнан провинциясынын деңиз жээги. 18-октябрь, 2016-жыл.

62 жаштагы Соң Жи Ши Кытайдын түштүгүндөгү деңиз кысыгынан сүзүп өтүп, суу марафонун багындырган эң улгайган аял катары рекордду жаңылады.

Ал ишембиде таңкы саат 5:38де сууга кирип, түш оой - үчтөн тогуз мүнөт өткөндө берки жээкке жетип келген. Жалпысынан рекордсмен суучул Хайнань аралы менен Гуандун вилаетинин ортосундагы 27 чакырым, 200 метрди сүзүп өттү. Соң Жи Шиге чейин Гуанжоу кысыгын багындырган аялдардын эң улуусу 55 жашта болчу.

XS
SM
MD
LG