Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Мария Гайдар Одесса облустук кеңешинин депутаттыгынан кетти


Мария Гайдар.
Мария Гайдар.

Украинанын Одесса облустук кеңеши 12-июнда Мария Гайдарды ээлеген ордунан бошотту. Гайдар арызын эки күн мурун жазып, анын себебин коомчулукка ачык айткан эмес.

35 жаштагы Мария - 1992-жылы Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин тушунда өкмөт башчынын милдетин аткарган экономист Егор Гайдардын кызы.

Мария Гайдар орус президенти Владимир Путинди сынга алып келет. Ал кезинде Орусиянын Киров облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеген.

Ал Одесса облусунун губернаторунун орун басары болуп 2015-жылдын июлунан 2016-жылдын майына чейин кызмат өтөгөн. 2015-жылы украин жарандыгын алган соң орус паспортун тапшырган.

Бир эле маалда аткаруу жана мыйзам чыгаруучу органдарында иштөөгө мүмкүн болбогондуктан, 2016-жыл ээлеген ордун бошотуп, ал кездеги губернатор Михаил Саакашвилиге кеңешчи болгон.

Украин президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок 2016-жылдын ноябрында Саакашвили кызматтан кетип, президенттин саясатына каршы чыккандан кийин Порошенко былтыр июлда аны жарандыктан ажыраткан.

XS
SM
MD
LG