Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынак жарыяланат


Бишкек.
Бишкек.

Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун чогуу-чаран ишке ашыруучу компанияга сынак жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, учурда бул долбоорду ишке ашыруунун нормативдик базасы даярдалып, бир ай ичинде сынак жарыяланышы керек.

- Биз башка өлкөлөрдө киргизилип жаткан долбоорлорду карап чыктык. Бизге Москва шаарындагы долбоор туура келет деп ойлодук. “Коопсуз шаар” долбооруна мамлекеттен акча жумшабайбыз. Тышкы инфраструктура, камераларды орнотуу, белгилерди коюу деген жумуштардын баарын сынактан уткан өнөктөш компанияга беребиз. Алар фото, видеофикациядан түшкөн материалдарды бизге сатуу аркылуу пайда табышат. Мамлекет башкаруу системасын өзүбүз даярдап жатабыз. Аны Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” кызматынын алкагында жасайбыз.

“Коопсуз шаар” долбоору тууралуу бир топ жылдан бери айтылып жүрөт. Бирок бул долбоордун айланасында сот иштери болуп, ал ишке ашпай калган. Долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералары орнотулмак.

Жогорку Кеңеште "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүк саат өтүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG