Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Германияда “Жамиля” тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү


Тасма көрсөтүлүп жаткан учур.
Тасма көрсөтүлүп жаткан учур.

11-июнда Германиянын Халла шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу “Жамиля” тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Фильмдин алдында Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн адабиятчы Ирмтрауд Гучке көрармандарга тасма тууралуу кыскача баяндап, суроолорго жооп берди. Ирмтрауд Гучке Германияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө жазуучуга арналган ар кандай иш-чараларды уюштуруп жүргөнү менен белгилүү. Ал Айтматов тууралуу “Каркылалардын убадасы” аттуу китеп жазган.

Кыргызстандын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эринес Оторбаев иш-чарага келгендерге ыраазычылык айтып, Айтматовдун чыгармачылыгы бүткүл дүйнөдөгү окурмандарга кызыктуу экенин белгиледи.

Быйыл Кыргызстанда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатат. Ага ылайык, өлкөдө ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулууда. Жазуучу, ойчул Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 80 жаш курагында оорудан улам көз жумган. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG