Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:55

Орусияда бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 14-июнда Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Төрт жылда бир өтчү таймашка 32 өлкөдөн командалар келди.

Орусия конок ээси катары алгачкы оюнду Сауд Арабиясы менен ойнойт.

Чемпионат туура бир айдан кийин жыйынтыкталат. Оюн Орусиянын он бир шаарында өтүп, жалпысынан 1,5 млн. туристтин келиши күтүлүүдө. Ал эми дүйнөдө 3 млрд. эл футболду телекөрсөтүү аркылуу көрөрү болжолдонгон. Анын 1 миллиардга жакыны футболдун туруктуу күйөрмандары.

Кыргызстанда Коомдук телерадиокорпорациянын "Спорт" телеканалы таймаштарды бир ай бою түз алып көрсөтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG