Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Трамп: "Түндүк Корея эми өзөктүк коркунуч туудурбайт"


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамп, Сингапур, 12-июнь 2018-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамп, Сингапур, 12-июнь 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп эми Түндүк Корея дүйнөгө "коркунуч" жаратпай турганын айтты. Бул тууралуу америкалык лидер Твиттердеги баракчасына жазып, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу кызыктуу өткөнүн дагы белгиледи.

Трамптын айтканына караганда, ал президенттик кызматка келгенде элдин баары "Корей жарым аралында согуш башталат" деп күткөн. Ага чейинки президент Барак Обама «Түндүк Кореяны өтө чоң жана коркунучтуу көйгөй» деп атаган.

"Эми Түндүк Кореянын келечеги кең, андыктан тынч уктасаңар болот» деп жазды президент Трамп.

12-июнда өткөн АКШ менен Түндүк Корея лидерлеринин Сингапурдагы тарыхый деп мүнөздөлгөн саммитинин жыйынтыгы талкууланып жатат. Президент Трамп жолугушуудан кийин "Америка добушу" радиосуна маек куруп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды "акылдуу жана сүйлөшүүнү мыкты жүргүзгөн" адам деп мүнөздөдү.

Ал баш-аягы 45 мүнөткө жетпеген сүйлөшүүнүн 90% Корей жарым аралындагы өзөктүк курал маселесине арналганын айтып, оң жылыштар болот деп убада кылды.

XS
SM
MD
LG