Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Грузияда өкмөт башчы кызматтан кетти


Георгий Квирикашвили.
Георгий Квирикашвили.

Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили 13-июнда кызматтан кетти. Ал муну башкаруучу партия - "Грузин кыялынын" лидери Бидзина Иванишвили менен болгон пикир келишпестикке байланыштырды.

- Мен ар убак командалык оюнчу болгом. Андыктан команданын маанайын карайм. Бүгүнкү чечимге да ушуга байланыштуу келдим. Партия лидери менен бир нече маселе боюнча көз караштарыбыз каршы чыкты, - деди ал шаршемби күндөгү телекайрылуусунда.

Грузиянын Баш мыйзамына ылайык, премьердин кызматтан кетиши өкмөт толугу менен кызматтан кетти дегенди туюндурат.

13-июнда Тбилисиде өкмөткө каршы нааразылык акциялары да уланды.

50 жаштагы Квирикашвили премьерликти 2015-жылдан бери аркалап келаткан. Анын өкмөтүнө каршы демонстрациялар 31-майдан бери уланууда. Буга былтыр декабрда эки өспүрүмдүн өлтүрүлүшү жана бул кылмышка айыпталгандардын баары жазага тартылбай калганы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG