Футбол боюнча дүйнөнүн 21-чемпионаты бүгүн Москванын 80 миңдей адам баткан Лужники стадионунда ачылуу салтанатынан кийин Бишкек убактысы боюнча саат 21:00де Орусия менен Сауд Арабиясынын курама командаларынын беттеши менен башталат.
Чемпионат бир айдан ашуун мезгилге созулат, финалдык оюн 15-июлга белгиленген. Бул арада чемпионатка катышып жаткан 32 команда 11 шаарда, 12 стадиондо 64 мелдеш өткөрөт.
Расмий маалымат боюнча Орусия чемпионатты тосуш үчүн 13 миллиард доллар коротту.
Бул иш-чара ошондой эле Орусиянын аймагында 1980-жылы СССР кезинде болгон жайкы Олимпиададан кийинки эл аралык спорттук мелдештердин эң маанилүүсү.
Москванын билдиргенине караганда, чемпионаттын ачылыш салтанатына 20дай өлкөнүн мамлекет башчысы катышары күтүлүүдө.
Мурдараак эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму дүйнө лидерлерин бул үчүн Москвага барбоого чакырып, жүйө катары Орусиянын Сириядагы аскерий аракеттерин келтирген.
Маселен, орусиялык мурдагы тыңчы менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу Москваны айыптаган Лондон чемпионаттын ачылыш салтанатына өкмөт мүчөлөрүнөн же падышалык үй-бүлөдөн эч кимди жөнөткөн жок.
Ал эми АКШнын Контрчалгын жана коопсуздук боюнча улуттук борбору, Британиянын Киберкоопсуздук боюнча улуттук борбору Орусияга келип жаткан футбол күйөрмандарына алардын компьютерлери менен мобилдик телефондору кибертыңчылардын хакерлик чабуулдарына кабылышы мүмкүндүгүн эскертти.
Орусиядан кийин 2022-жылкы чемпионат Катарда, 2026-жылкысы АКШда, Мексикада, Канадада өтөт. (UE)