Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:59

Жамангулов: менин талапкерлигим карала элек


Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов Энергетика, өнөр жайы жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгына талапкерлиги карала электигин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, "Республика - Ата Журт” фракциясынын сунушу боюнча өкмөт жооп бере элек.

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакпаев өкмөт башчыдан Жамангуловдун талапкерлиги эмнеге өтпөй калганын билдирип, анын себебин өкмөт башчыдан сураган болчу. Бирок өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Акылбек Жамангуловдун бул кызматка талапкерлиги тандалып-тандалбаганын ачык жооп берген эмес.

13-июнда Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясы депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин Энергетика, өнөр жайы жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына сунуш кылган.

Акылбек Жамангулов Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себептерин жана аны оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон. (KJ/TSh)

XS
SM
MD
LG