Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Депутат Атамбаевдин билдирүүсү боюнча УКМКнын кадамына кызыкты (видео)


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Исаковдун, Кулматовдун камалышы боюнча тараткан билдирүүсүнө карата кандай кадамга барарын сурады:

- Силер сөздүн төркүнүн түшүнбөйсүңөрбү? Ал киши Кылмыш-процессуалдык кодекстин 150-беренесинин тегерегинде көп маселени өзүнө жоопкерчилик кылып алды. "Ошонун негизинде силердин кадамыңар кандай?" деп сурап атам.

Буга УКМКнын өкүлү "мыйзам чегинде каралат" деп гана кыска жооп берди.

Мурдагы президент, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы Алмазбек Атамбаев "партиянын мүчөлөрү Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камакка алуу тууралуу чечим - коррупция менен күрөшүү эмес" деген билдирүү тараткан. Анда Атамбаев "алар тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем" деген.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, -20 градустан ашкан суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө иштерин баштаган.

Бүгүнкү күнгө карата бул иш боюнча "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, Жалал-Абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, "Электр станцияларынын" башчысы жана орун басарлары УКМКнын тергөө абагында камакта отурушат. (TSh)

XS
SM
MD
LG