14-15-июнда өлкөдө аба ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын арбын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа каттамын, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин, жайлоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. 13-15-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15, күндүзгү жогорку температурасы 23…25 градус болот.