Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:01

Дональд Трамп Сооронбай Жээнбековго куттуктоо жиберди


Кыргызстан менен АКШнын желектери.

АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин орозо айт менен куттуктады. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоо анын жеке өзүнүн гана эмес, бүткүл америкалыктардын жана жубайы Мелания Трамптын атынан да жиберилген.

«Америка Кошмо Штаттарында түрдүү улуттардын жана диндердин өкүлдөрү, анын ичинде Америка мусулмандары чогуу жашап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп келатышат. Алар АКШнын Куралдуу күчтөрүндө кызмат кылышат», — деп белгиленет АКШ президентинин телеграммасында.

Сооронбай Жээнбековдун атына Орусия, Сауд Арабиясы, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана башка мамлекеттердин жетекчилеринен да куттуктоолор келип жатат.

Орозо аяктап, айт майрамы белгиленип жаткандыктан Кыргызстанда 15-июнь эс алуу күнү деп жарыяланган. (SE)

XS
SM
MD
LG