Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин "Кыргызстандын тик учактары Уганда жана Сомали өлкөлөрүндөгү согуштук аракеттерге катышып жатканы" тууралуу айтканын төгүндөдү.
Башкы штабдын маалымат башкармалыгы тараткан билдирүүдө бул айтылгандар чындыкка туура келбей турганы белгиленет.
“Бир да тик учак өлкөнүн сыртына учкан эмес, бүтүн авиапарк туруктуу дислокациялык аэродромдордо турат жана Кыргызстанды коргоону камсыздоо боюнча пландуу ишти аткарууда” деп жазылган билдирүүдө.
Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында парламент депутаты Каныбек Иманалиев "Коргоо комитетинин төрт тик учагы Сомали мамлекетине ижарага берилгени жатат" деген маалыматты териштирип, келишим түзгөн жетекчилерди жоопко тартуу керектигин билдирген.
Иманалиев учактардын экөө Америкадан, экөө Орусиядан жардамга алынганын, аларды Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп жатышканын айткан.
Парламентте отчет берип жаткан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишти териштирүүгө убада берген. (ErN)