Бишкек шаарындагы Сүрөтчүлөр галереясында алкакка салынган перс килемдеринин “Перс классикасы” аттуу көргөзмөсү башталды. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан ирандык ишкер Жавад Пейвандион билдирди.
Килемдерде Кыргызстан менен Ирандын табияты жана белгилүү инсандарынын сүрөттөрү, Куран китебинин аяттары түшүрүлүп, атайын кооздолгон алкакка салынган. Каалоочуларга килемдер сатылууда. Баасы 5 миң сомдон башталат.
Пейвандиондун айтымында, жакын арада Кыргызстанда да алкакка салынган килемдерди жасай турган фабрика курулганы турат.
Перс килемдеринин көргөзмөсү Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жатат. Иш-чара эки-үч күнгө созулат. (ErN)